АРИСТОВ Николай Александрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИСТОВ Николай Александрович (1847–1908, айрым маалыматтарда 1910) – орус чыгыш таануучусу жана этно­графы. 1864-жылы Казан университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 1864–1868-жылдары Тобольск губерниясында административдик кызматтарда иштеген. 1868-жылы Жети-Суу облусунун башкармалыгынын иш алып баруучулугуна дайындалгандан тартып, Н. Аристовдун ишмердиги Түркстан генерал-губернаторлугу менен тыгыз байланышта болгон. 1871-жылы Россия жана Цинь империяларынын ортосундагы Иле кризисине катышып, 1872-жылдын июнь айынан Түркстан генерал-губернаторлугун башкаруу жөнүндө жобону иштеп чыгууда комиссиянын катчысы болуп иштеген. 1873–1874-жылдары Семипалатинск жана Жети-Суу облустарындагы жер талаштарын чечүү үчүн бийлердин съездин башкарган. 1879-жылдан Жети-Суу облустук статистикалык комитетинин төрагасынын  жардамчысы, 1881-жылдан Жети-Суу облусунун аскердик губернаторунун жардамчысынын милдетин аткаруучу, 1881–1882-жылдары Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун милдетин аткаруучу, 1881–1889-жылдары Жети-Суу облусунун аскердик губернаторунун жардамчысы жана аймактык өкмөттүн төрагасы. Түркстан чөлкөмү боюнча топтогон бай материалы Н. Аристовго ошол аймакта изилдөө иштерин жүргүзүүгө түрткү берген. 1893-жылы «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар. Ба­тыш Тянь-Шандын калкынын тарыхынын, турмушунун жана анын тарыхый географиясынын очерктери» («Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Очерки истории и быта населения Запад­ного Тянь-Шаня и его исторической географии») деген эмгегин жарыкка чыгарат. Бул эмгектин биринчи бөлүгүндө биздин замандын 5-кылымына чейинки усундардын тарыхы, алардын Даван жана Каңгүй мамлекеттери менен болгон байланыштары, Теңир-Тоо аймагындагы аларга таандык эстеликтер ж. б. тууралуу тарыхый кабарлар, енисей кыргыздарынын келип чыгышы жана тарыхы жөнүндө маа­лыматтар берилген. Бул эмгектин «Батыш Тянь-Шань, кыргыздар жана кара кыргыздар» деген бөлүгүндө 6–8-кылымдагы кыргыздар тууралуу та­рыхый кабарлар, Батыш Теңир-Тоодогу карлуктардын, кара-кидандардын учурундагы та­рыхы, чагатай, калмак, кытай жана Кокон үстөмдүктөрүнүн учурундагы абалы, орус бийлигинин карамагына өткөн доорго чейинки узак тарыхый мезгили баяндалган. Н. Аристовдун 1894–1896-жылдары «Живая старина» журналына жарыяланган «Опыт выяснения этнического состава киргиз казаков Большой орды и каракиргизов на осно­вании родословных сказаний...» деген көлөмдүү иликтөөсү кыргыздардын уруулук түзүлүшү жөнүндө этнографиялык кеңири маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле уламыштарга таянуунун негизинде кыргыздардын этностук курамын көргөзгөн жана келип чыгышын далилдөөгө аракет кылган. Н. Аристов императордук орус география коомунун анык мүчөсү болгон (1893) жана ал коомдун алтын медалы менен сыйланган (1895). Кыргыздардын тарыхын окутууда Н. А. Аристовдун илимий эмгектери азыркы учурга чейин өз маанисин жогото элек.
Эмг.: Опыт выяснения этнического состава киргиз-казаков Большой орды и каракиргизов, на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и о родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований. СПб., 1895; Заметки об этническом составе тюркских племён и народностей и сведения об их численности, СПБ, 1897.

Т.Асанов.