АЗОБЕНЗОЛ
АЗОБЕНЗОЛ, C6H5N=NC6H5– ароматтык эң жөнөкөй азобирикме, молекулалык салмагы 182,22. Саргыч кызыл кристалл. Б. эрүү t 68°С, сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде, эфирде, концент. уксус жана күкүрт кислоталарында эрийт. Азобензол нитробензолду натрий гидрооксидинде цинктин спирттеги эритмеси же жегич чөйрөдө натрий станити менен калыбына келтирүүдөн жана нитробензолдун анилин менен реакцияга киришинен алынат. Азобензолдун геом. эки (цис- жана транс-) формалары бар. цис‑формасы транс‑формасы
C6H5‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5
цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c
6h5‑n n‑c6h5цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5
Булардын туруктуусу – транс‑формасы. А‑го ультракызгылт‑көк нурду таасир кылуудан анын цис‑изомери алынат. А‑ду щелочтогу цинктин чаңы менен калыбына келтирип, гидроазобензол (C6H5‑NH‑NH‑C6H5), А‑дун мол‑сына амин же окситопторду киргизүүдөн синтездик азобоёктор алынат. Аны 1834‑ж. нем. химиги Э. Мичерлих ачкан.
С. А. Адылов.