АДИАБАТА
АДИАБАТА – термодинамикалык абал диаграммасында пайдаланылуучу адиабата процессин сүрөттөөчү сызык. Идеалдык газ үчүн адиабата өтө жөнөкөй түрдө Пуассондун тендемеси pV៴= const менен жазылат, мында р – газдын басымы, V – салыштырма көлөмү, γ = Ср/Сү – газдын турактуу басымдагы жана көлөмдөгү салыштырма жылуулук сыйымдуулуктарынын (Ср жана Сү) катышына барабар адиабата көрсөткүчү. Бир атомдуу газ үчүн (аргон, неон ж. б.) бөлмө температурасында ү=1,67, ал эми эки атомдуу үчүн ү=1,4кө барабар.