КОМСОМОЛЬСК-НА-АМУРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́ЛЬСК-НА-АМУ́РЕ – Россиядагы шаар (1932-жылдан). Хабаров крайынын түн­дүгүндө жайгашкан. Комсомольск районунун административдик борбору. Амур дарыясындагы порт. Калкы 233,7 миң (2025). Жол тоому. Темир жол бекети. Аэропорту бар. 1932-жылы Пермь кыштагынын ордуна комсомолдор курган. 1932–35-жылдарда Ыраакы Чыгыш, 1939-жылдан Хабаров крайларынын административдик борбору болгон. Ыраакы Чыгыштагы ж-а Забайкальедеги эң ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме (1933; Ыраакы Чыгышта­гы эң ири Амур кеме куруу заводу, дизель м-н суу астында жүрүүчү кемелерди ремонттойт, модер­низациялайт ж-а курат), машина куруу (мык­ты авиация өндүрүш бирикмеси, Су-27, Су-33, Су-35, көп функциялуу Су-80 ж-а Бе-103 амфи­бия-самолётун чыгарат), кара металлургия («Амурметалл» бул аймактагы эң ири болот эри­түүчү завод), нефть ажыратуу, «Элком» (ширетүүчү электроддор), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишкана­лары иштейт. Эки ЖОЖ, театр, край таануу ж-а сүрөт музейи, А. Н. Островский атындагы китеп­кана (1934; 16 филиалы м-н) бар.