КОММУНИЗМ (Алай районундагы кыштак)
КОММУНИ́ЗМ (мурдагы К а р г а ш а, К ы з-Э мч е к) – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жошолу айыл округуна караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 93 км. Калкы 844 (2022); негизинен мал багышат. Негизги мектеп, китепкана бар.