АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 9 Апрель (Чын куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ ‒ Австралия материгинин батыш жана борбордук бөлүктөрүн, ошондой эле  Жаӊы Гвинея аралынын түштүгүн камтыган кембрийге чейинки байыркы структура. Архей ‒ төмөнкү протерозой фундаменти метаморфизмге дуушарланган жанар тоо, гнейс, гранит тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку протерозой ‒ палеозойдун чөкмөлөрү (жабындысы) терриген, карбонаттуу жана жанар тоо (платобазальт) тектеринен турат, кара: Австралия.