РЕДАКЦИЯ (музыкада)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page РЕДАКЦИЯ to РЕДАКЦИЯ (музыкада)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

РЕДАКЦИЯ (латынча. redactus – иретке келтирилген) – музыкалык чыгарманын нота жазмаларына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү жана мындай өзгөртүүлөр киргизилген жазманын өзү. Редакция максаты – музыкалык чыгарманын тажрыйбада колдонулушун жеңилдетүү, аны учурдун жаңыланган эстетикалык жана көркөмдүк талаптарына ылайыкташтыруу.