ИСАКОВА Жайнагүл Төлөновна
ИСАКОВА Жайнагүл Төлөновна (1962-жылы туулган, Ысык-Көл облсу, Тоӊ району, Бөкөмбаев айылы) – медицина илимдеринин доктору (2012). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1986). Эмгек жолун КММИде кафедрада ассистент болуп баштаган. Академик М. М. Миррахимов атындагы КжТУБнын молекулалык биология жана медицина илим изилдөө институтунда аспирант, патологиялык физиология лабораториясында илимий кызматкер, молекулалык жана клеткалык биология лабораториясында улук илимий кызматкер,молекулалык дианостика лабораториясынын башчысы, окумуштуу катчы. Бардыгы 60 илимий эмгектери жана 1 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Genomic analysуs inform on migration events during the peopling of Eurasia// Nature. -2016/ -Vol. 538 (7624).- P.238-242.(в соавт.)