ЖУМАЛИЕВА Гүлмира Артыкбаевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАЛИЕВА Гүлмира Артыкбаевна (1964-жылы туулган,  Фрунзе) –медицина илимдеринин доктору (2011).  И.К. Ахунбаев атындагы   КММИни бүтүргөн  (1987). Эмгек жолун  Кыргызстан профилактика жана медициналык экология ИИИде микробиология жана электрондук микроскопия  лабораториясынын башчысы болуп баштаган.  КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин “Профилактикалык медицина” ИӨБда (Илимий өндүрүштүк бирикме)  Республикалык инфекциялык көзөмөл  борборунун жектекиси; И.К. Ахунбаев атындагы КММИде  эл аралык байланыш жана стратегиялык пландоо боюнча  проректор.  Бардыгы 62 илимий эмгектери, анын ичинде 1 окуу китеби, 9 окуу-методикалык жетекчилиги, 1 ойлоп табуу патенти жарык көргөн. Эмг.: Разработка функционально-организационной структуры инфекционного  контроля в Кыргызской Республике // Вестник КГМА имени И. К. Ахунбаева.–2013.–№ 3.–С. 145-153.