ДИ музыкалык аспап

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 18 Июнь (Кулжа) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ – кытайлыктардын байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Туурасынан кармап ойнолот, бамбуктан жасалат. 12 көзөнөккө чейин оюлат. Азыркы мезгилде ди цюйди, банди деген эки түрү ойнолот. Жалпы турпаты, түзүлүшү жагынан кыргыздын сурнайына, тажик, өзбектердин найына түспөлдөш.