АГАЧ КУМУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАЧ КУМУЗ – дагестандыктарга кеңири тараган чертме үч кылдуу байыркы музыкалык аспап. Өрүктөн жана башка жыгачтардан чабылат. Аварлардын, даргиндердин, кумыктардын арасында кылдарынын саны, ладдары жагынан айырмаланган Агач кумуздун түрлөрү да кезигет. Агач комуздун өркүндөтүлгөн прима, альт, бас түрлөрү эл аспаптар оркестринде ойнолот. Агач комуздун коштоосунда ырчылар ырларын ырдашат. дастанчылар дастандарын айтышат.