БЕКБОЕВ Аскарбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:56, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЕВ Аскарбек – илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1989), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2009). 1978–1979-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиосунда кабарчы, 1980–1993-жылдары КР УИАнын Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, аспирант, улук илимий кызматкер, окумуштуу катчы, докторант, 1994–2002-жылдары К. Карасаев атындагы БГУда окутуучу, доцент, профессор, окуу иштери боюнча 1-проректор, 2002–2005-жылдары И. Арабаев атындагы КМПУда кафедра башчысы, 2005–2010-жылдары И. Арабаев атындагы КМПУда ректор, ошол эле мезгилде ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын курамында илим боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары (2006–2010), 2010–2012-жылдары КР Өкмөтүнүн Аппаратында билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылдан бөлүм башчынын орун басары – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүндө билим берүү жана илим секторунун башчысы, КР Профсоюздар федерациясынын төрагасынын кеңешчиси, КР Профсоюздар федерациясына караштуу Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын ректору, "Академиялык альманах" журналынын башкы редактору. 150дөн ашык илимий жана илимий популярдык статьянын, 15 монографиянын, 12 окуу-методикалык эмгектин автору. Эмгектери негизинен диалектикалык логиканын негизги формаларын, зарылдык жана кокустук категорияларынын тарыхый философиялык эволюциясын изилдөөгө багытталган. «Данк» ж. б. медалдар менен сыйланган.