ЗАРАТУ́ШТРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

З а р а т у с т р а – Иран мифологиясында пайгамбар жана Зороастризм деп аталган байыркы Иран дининин негиздөөчүсү. Илимде З. Авестанын эң байыркы бөлүгү – Гаттарды түзгөн чыныгы тарыхый инсан экендиги айтылат (Кара: Авеста). З-нын жашаган мезгили болжол менен б. з. ч. 6-к-дын 10–1-жарымынын ортосундагы мезгилге таандык. З. Чыгыш Иран, Орто Азия же Афганистандын айрым аймактарына таралган. 343