АЭРОБИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОБИОЗ, а э р о б д о р (аэро... жана биос) ‒ эркин кычкылтектүү чөйрөдө жашоого жана өсүүгө жөндөмдүү организмдер. Аэробиоз өсүмдүк, жаныбарлардын дээрлик бардыгына жана микроорганизмдердин көбүнө мүнөздүү. Анаэробдордон айырмаланып, аэробдор тиричилик үчүн керек энергияны заттардын атмосфералык кычкылтектин катышуусу менен жүргөн кычкылдануусунан алат. Алардын дем алуусу молекулалык кычкылтекти сиӊирип, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу менен жүрөт. Заттардын жана энергиянын аэробдук алмашуусу анаэробиозго караганда натыйжалуу. Аэробдорго бардык өсүмдүктөр, көпчүлүк жөнөкөйлөр жана көп клеткалуу жаныбарлар, дээрлик бардык козу карындар кирет. Аэробдордун ичинен фотосинтездөөчү организмдер (цианбактериялар, балырлар ж. б.) өзгөчө орунду ээлейт. Бул организмдер О2 бөлүп чыгарып, калган бардык аэробдорду камсыз кылат.