АЦИДОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЦИДОЗ (лат. acidus ‒ кычкыл) ‒ денедеги органикалык кислоталардын жетишсиз бөлүнүшүнүн жана кычкылданышынын натыйжасында кислота жегич теӊ салмактуулугунун бузулушу. Ал денеде, кан менен ткандарда кислота аниондорунун өтө көбөйүүсүнөн болот. Түрдүү ысытма ооруларда, ич өткөктө, кош бойлуу учурда, ачка болгондо ж. б. кислоталар денеден жакшы бөлүнүп чыкпай, анда топтолуп, жеӊил түрүндө ‒ ацетоуксус кислотасы жана ацетон пайда болот; оор түрүндө (кант диабети ) комага алып келет. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.