АПОЛОГЕТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОЛОГЕТИКА (гр. apologeticos – корголуучу) – христиандык окуунун негизги жоболорун ага каршы, диний философиядан коргоо жана актоо. Ал Кудайдын бар экендигин, жандын өлбөстүгүн түшүндүрүүгө аракеттенген окуу. Ошондой эле динге жана анын айрым догмаларына каршы багытталган көз караштарды талдоо. Апологеттер публицист, жазуучу, юрист жана чечендик өнөрдүн устаттары катары, грек философиясын христианчылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдардан болушкан.