АНАБИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАБИОЗ – организмдин тиричилик процесстери өтө жай жүргөн абал. Мында клеткада зат алмашуу процесси акырындап, микроорганизмдер же башка жаныбарлар ыңгайсыз шартта жашоосун улантууга шарт түзүлөт. Жагымдуу шарт түзүлгөндө бардык биологиялык процесстер кайрадан өз калыбына келет. Ал бир нече модификациядан турат. Анабиоз кээ бир организмдердин өөрчүшүнүн нормалдуу цикли (урук, үрөн, спора, цисталар) болуп эсептелет.