БУРАГЫЧ
БУРАГЫЧ, а ч к ы ч – электрдик, гидравликалык же пневматикалык кыймылга келтиргичи бар бир орунда туруучу же колго алып жүрүүчү аспап; бурамаларды, буралмаларды жана башка бириктирме тетиктерди бурап бекитет, бурап чыгарат. Авиацияда, автомобилде жана башка өнөр жай тармактарында кеӊири колдонулат.