АЛЬТЕРНАТИВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 9 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТЕРНАТИВА (французча, alternative, латын alter – экөөнүн бири) логикада, эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. Альтернативанын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны боюнча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма – экөөнүн бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.