АКЦЕССОР МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦЕССО́Р МИНЕРАЛДАР (соӊку латынча accessorius ‒ кошумча) ‒ магма жана метаморфизм тоо тектеринин курамында аз өлчөмдө (1%тен да аз) кездешүүчү минерал, бирок айрым тоо тектерге мүнөздүү да болот. Мисалы: граниттерге ‒ апатит, магнетит, циркон, ортит ж. б., перидотиттерге ‒ хром-шпинелид, жез сульфиддери, никель, темир ж. б мүнөздүү. Эгер, айрым тоо тектерде минералдар көп өлчөмдө кездешсе кен ташка айланат. Акцессор минералдары аркылуу магматизм процесстеринин өзгөчөлүгүн, тоо тектердин бири-бирине тектештигин, пайда болуусун, талкалануу себептерин, тектердин жашын жана башкаларды аныктоого болот.