АКУСТИКАЛЫК ТОЛКУН ӨТКӨРГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК ТОЛКУН ӨТРӨГҮЧ — акустикалык энергияны өткөрүүчү түтүктөр. Алардын өзгөчөлүгү ички же сырткы чөйрөнүн касиеттеринен кескин түрдө айырмаланып, түтүк, зым же стержень түрүндө болот. Акустикалык толкун өткөргүч сырткы жана ички чөйрөлөрдө кескин айырмаланбаган, ал касиеттер бир чөйрөдөн экинчисине акырындык менен өткөн туташ бир тектүү эмес чөйрөдө да пайда болушу мүмкүн. Мындай акустикалык толкун өткөргүч атмосферада жана океанда түрдүү температурадагы катмарда байкалат. Жасалма акустикалык толкун өткөргүчкө үн өткөрбөөчү дубал (мисалы, желдетүүчү канал, тоннель) менен чектелген түтүктөр, ал эми табигый акустикалык толкун өткөргүчкө кадимки чөйрөлөр (мисалы, океан) кирет.