АКТИНОМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:31, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


АКТИНОМЕТРИЯ (актино... жана метр) ‒ метеорологиянын атмосферада, гидросферада жана жер бетинде күн радиациясынын таралышын, өзгөрүлүшүн изилдөөчү бөлүмү. Түз чачыраган, чагылышкан жана кыска (0,3‒4 мкм), узун толкундуу күн нурлары (узундугу 4‒100 мкм) менен атмосферадагы радиация балансын сан жана сапат жагынан изилдөө, атмосферада, гидросферада жана жер бетиндеги күн энергиясынын өзгөрүүлөрүн өлчөө ыкмаларын иштеп чыгуу жана керектүү приборлорду жасоо ‒ актинометриянын негизги милдети. Актинометрия атмосфералык оптика жана спектроскопия менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле гелиофизика, атмененын бийик жана жерге жакын катмарын изилдөө физикасы менен жалпы жактары бар. Актинометрия боюнча жүргүзүлгөн эксперименттик, теориялык иштердин жыйынтыктары климатологияда, айыл чарбасында жана өнөр жайда, медицинада, архитектурада, транспортто, аэрологияда ж. б. пайдаланылат.
Ад.: Янишевский Ю. Д. Актинометрические приборы и методы наблюдений. Л., 1957; Кондратьев К. Я. Актинометрия. Л., 1965; Русин Н. П. Прикладная актинометрия. Л., 1979.