АКСЕЛЕРОМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


АКСЕЛЕРОМЕТР (латынча accelero ‒ тездетем жана ... метр) ‒ транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж. б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, самолёт ж. б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор. Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу жана бурчтук; иштөө принциби боюнча механикалык, электр-механикалык; арналышы боюнча ылдамданууну өлчөгүч акселерометр деп айырмаланат.