АЖЫДААР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:53, 17 июль 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫДААР– мифологиялык жаныбар; элдик жомоктордо учуроочу, адамды да, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан канаттуу, зор (кээде көп баштуу) жылан. Ажыдаардын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жаман­дык да кылуучу жаныбар катары пайда болгон. Мисалы, «Манас» эпосунда ажыдаар суунун жана жаан‑чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат.