АВТОРДУК КЕП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:18, 12 сентябрь 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК КЕП ‒ чыгармадагы каармандардын сөзүнөн башка окуянын ордун, мезгилин жана шартын сүрөттөгөн автордун баяндоосу. Автордук кеп каармандын мүнөзүн тереӊ ачуу максатында келтирилет да, негизинен окуянын өнүгүшүн түшүндүрөт. Көбүнчө сюжеттүү чыгармаларда, айрыкча кара сөздө колдонулат.