АЙДАРОВ Зиябидин Абдраимович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРОВ Зиябидин Абдраимович (1965‑жылы туулган, Баткен облусу, Кадамжай району, Көтөрмө кыштагы) – физиолог, медицина илимдеринин доктору. КММИни, аспирантурасын (1996), докторантурасын (2001) бүтүргөн. КММАда кенже, улук жана же­тектөөчү илимий кызматкер. Илимий иштери па­тологиялык физиология жана гигиенага арналган.