АДВЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДВЕКЦИЯ (лат. advectio – жеткирүү) – 1) M e ­т е о р о л о г и я д а – абанын горизонталдык багыт боюнча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык Адвекция, жылуу же муздак Адвекуция, суу буусунун Адвекциясы жана башкалар деп ажыратылат. Адвекциянын таасиринен аба ырайы өзгөрөт. Мисалы, тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот.

2) Г е о л о г и я д а – тоо тек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоо тек катмарлары нык тоо тектердин үстүнө катмарланса Адвекция жүрөт. Мисалы, туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.