АГЕНТЧИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГЕНТЧИЛИК (англисче agency) ‒ мамлекеттин, коммерциялык, ошондой эле жеке адамдардын тапшырмаларын ишке ашыруучу уюм.Соода ‒ өнөр жай ишканаларынын, банктардын маркетинг кызматын көрсөтүүчү Агентчилиги да болот. Агентчилик өз ишмердигин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, жеке адамдардын статусуна жана багыттарына жараша жүргүзөт. Продукция өндүрүүчү менен кардарлардын ортосунда да ортомчулук милдетти аткарат. Агентчилик төлөм акысы анын иш тапшыруучу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн принциптерге жана тарифтерге ылайык төлөнөт.