АГГЛЮТИНАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГГЛЮТИН́АЦИЯ (латынча agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. Агглютинация ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын жана жаныбардын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. Агглютинация реакциясы электролиттердин (натрий хлориди жана башка туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн жана тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.