КӨБӨЙҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБӨЙҮҮ – организмдердин өзүнө окшош муун­дарды жаратып, белгилер м-н касиеттердин укумдан тукумга берилишин, тиричиликтин үз­гүлтүксүз уланышын камсыз кылуучу касиети. Көбөйүүнүн негизги үч түрү (жыныссыз, жыныстык ж-а вегетациялык) бар. Ж ы н ы с с ы з көбөйүү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө споралардын жардамы м-н, жөнөкөйлөрдө жыныстык жак­тан жетилбеген клеткалардын ортосунан бөлү­нүшү м-н өөрчүйт. В е г е т а ц и я л ы к көбөйүүдө жаңы организм дененин көп клеткалардан тур­ган бөлүгүнөн калыптанат. Ага көбүнчө көп клеткалуу организмдин, өзгөчө өсүмдүктүн Көбөйүүсү кирет. Ж ы н ы с т ы к Көбөйүүдө көп клеткалуу организмдер мейоздук бөлүнүүнүн натыйжасын­да жыныстык клеткалар – гаметалар пайда бо­лот да, алар кошулуп (уруктанып), зиготаны пайда кылат. Зигота өөрчүп, жаңы организмге айланат. Уруктанууда гаплоиддүү гаметалардын хромосомалары кошулуп, диплоиддүү клеткага айланып, тукум куугуч белгилер берилет. Урук­тануунун 3 түрү (изогамия, анизогамия же гетерогамия ж-а оогамия) белгилүү. Изогамияда көлөмү, сырткы көрүнүшү боюнча бири биринен айырмаланбаган 2 гамета кошулат. Анизогамия­да кошулган гаметалардын экөө тең кыймыл­дуу, бирок энелик гамета аталыкка караганда чоң болот. Оогамияда кыймылсыз энелик клет­ка м-н кыймылдуу, майда аталык гаметалар – сперматозоиддер кошулат. Көбөйүү организмдердин жашоосунда бир гана же көп жолу болушу мүмкүн. Бөлүнүү жолу м-н көбөйүүчү бир клеткалуу организмдер, бир, эки жылдык гүлдүү өсүм­дүктөр – монокарптар, кээ бир балыктар өмүрүн­дө бир гана жолу көбөйүп, тукум берет. Ал эми башка организмдер, мисалы, жаныбарлар, көп жылдык өсүмдүктөр – поликарптарда көбөйүү көп жолу кайталанат. Кобойуунүн жүрүшүнө чөйрө фак­торлору – температура, азык заттар, жарык чоң таа­сир тийгизет. Көбөйүүдөн пайда болгон тукумдун саны түрдүүчө, мисалы, пил 3–4 жылда бирди тууса, трес­ка балыгы бир өрдөө маалында 10 млн, айрым балыктар 300 млнго жакын урук таштайт. Татаал түзүлүштүү жаныбардын ж-а адамдын көбөйүүсүн нерв системасы жөнгө салат, к. Жыныссыз көбөйүү, Вегетациялык көбөйүү.