КӨБҮҮ
КӨБҮҮ – айлана-чөйрөдөн суюктукту же бууну сиңирип алуудан катуу заттардын көлөмүнүн же массасынын чоңоюшу. Көбүү чектүү ж-а чексиз болуп бөлүнөт. Биринчисинде белгилүү көлөмгө жеткенде, көбүү токтолот ж-а көбүүчү өз келбетин сактайт, мисалы, гель сымал ион алмашуучу чайырлар сууда, жумшартылган каучук бензолдо чектүү көбөт. Экинчи учурда полимер м-н суюктуктун өз ара диффузиясынын натыйжасында фаза аралык чек жоюлуп, көбүү полимердин толук эрип кетүүсү м-н аяктайт. Кээде чектүү температуранын жогорулашы м-н чексиз көбүүгө өтөт. Көбүү техникада, турмуш-тиричиликте кенен колдонулат.