КӨБҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБҮК – дисперсиялык фазасы газ, чөйрөсү суюктук же катуу заттан турган дисперсиялуу система. Газ бөлүкчөлөр өз ара кошулушпай, эркин түрүндө суюктукта сакталса, эмульсия катары каралат. Көбүктү пайда кылуу ж-а алуу үчүн идиштеги суюктукка газды (абаны) чачтыруу, бүркүү же идиштеги суюктукту катуу чайкоо, аралаштыруу керек. Көбүктүн көбөйүшү суюктук аркылуу өтүп жаткан газдын ылдамдыгына жараша болот. Газдын ылдамдыгы жогорула­ган сайын көбүк көбөйүп, ылдамдык 0,3–1 м/сек жеткенде, суюктук-газ негизинен көбүккө айланат. Суюктук кайнаганда бөлүнүп чыккан газдын же буунун жалпы дисперсиялык фазаны түзүшү да көбүк болуп саналат. Көбүк туруктуу ж-а туруксуз бо­луп бөлүнөт. Туруктуу көбүк стабилизатор ж-а атайын көбүрткүч заттардын жардамы м-н алы­нат. Көбүрткүчтөр беттик активдүү заттар болу­шат ( мисалы, самын). Өнөр жайда, техникада, куру­лушта бетон, пластика, резина ж. б. материал­дарды көбүк түрүндө колдонуу кенен таралган. Өрт өчүрүүнүн айрым түрү да көбүктөнүүгө не­гизделген.