КӨК ЖАЛ
КӨК ЖАЛ (Hyaenidae) – жырткыч сүт эмүүчүлөр тукуму. Сырткы кебетеси карышкырга окшоп кетет. Дене узундугу 55–165 см. Алдынкы буттары арткысынан узун болгондуктан, алды жагы арт жагынан бийик, моюну жоон, башы чоң, тиштери ири. Буттары 4 манжалуу, куйругу кыска, саксагай, денеси кылкандуу жүн м-н капталган боз же күрөң түстө, каралжын темгилдери бар. Көпчүлүгүнүн моюну м-н жонунда жалы болот. 3 уруусу, 4 түрү Африка, Түштүк-батыш ж-а Орто Азияда жолугат. Көбүнчө чөл, жарым чөлдө жашап, түнкүсүн активдүү. Жалгыз же түгөйү м-н жүрөт. Жылына 1 жолу 2–4, кээде 6 күчүк тууйт. Ири тарп м-н азыктанат. Майда туяктууларга кол салат. 1 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.