КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу бу­тактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кыр­ка тоосуна Кайыңды кырка тоосу тутумдашкан жерде, Теректи өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Узундугу 12,9 км. Альпинист мөңгүсүнөн жогорку бөлүгү 1,6 км, туурасы 1,0 км, Аянты 13,4 км2. Калыңдыгы 150–180 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5890 м, этеги 3380 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Абляциясынын аян­ты 4,8 км2. Куралуу аймагы түштүгүнөн Боз- Кыр, чыгышынан Эңилчек, түндүгүнөн Кайың­ды кырка тоолору м-н курчалат. Фирн бассей­ни кенен төрдө жайгашкан. Кайкы аркылуу Ком­сомол мөңгүсү м-н туташат. Мөңгүнүн төмөнкү бөлүгүндө жаракалар көп. Сол капталдан жүргөн кар көчкүлөр жаракаларды жаап турат. Мөңгүнү алгач 1902-ж-а 1903-жылдарда немис географы Г. Мерц­бахер картага түшүргөн. Этеги шагыл таштар м-н корумдалган (1,5 км2дей жери). Мөңгүдөн Теректи суусу башталат. Мөңгү тартылууда. Мез­гили м-н алдыга жылып кетүүчү мөңгүлөргө кирет.