КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК – жетим (кароосуз) калган бала-бакыра, багар-көрөөрү жок оорулуу, кары­ган кишилерди багуу, таалим-тарбия берип, камкорлукка алууга арналган атайы укук. Жашы жете элек балдарды көзөмөлчүлүккө алуу элге би­лим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкеринин бирине жүктөлүп, ага жашы жеткен, жоопкерчиликке жарамдуу адам гана дайындалат. Ал көзөмөлгө (кароого) алын­ган кишинин атынан документти күбөлөндүрүү, келишим түзүү, турак жай алмаштыруу, мен­чиктен баш тартуу сыяктуу ж. б. иш-чараларга көзөмөл жасайт. Эгер көзөмөлгө (кароого) алын­ган кишини (баланы) бирөө асырап алса (өз үй­бүлөсүнө кайтарылып берилсе), көзөмөлчүлүк милдет өз кү­чүн жоготот. Ал эми өз милдетин талаптагы­дай аткарбаса, андан четтетилип, эгер милде­тин өз мүдөөсү үчүн пайдаланса, анда көзөмөлчүлүк милдет аткаруучу кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн.