КӨЗ ӨЛЧӨӨ СЪЁМКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ ӨЛЧӨӨ СЪЁМКАСЫ – жер бетинин түзүлүшүн жөнөкөй курал-жабдыктар, аспаптар м-н кагазга түшүрүү. Мында чийме чие турган кагаз (тактага бекитилген планшет), компас, визирлүү сызгыч колдонулат. Жер бетинин түзүлүшү кагазга чийме түрүндө түшүрүлөт. Ара­лык, кадам өлчөгүч, спидометр же көз болжолу м-н, багытты компастын жардамы м-н анык­талат. Визирлүү сызгычты багыт боюнча коюп, ара­лык чекит м-н белгиленет. Кээ бир элементтер эки же үч кесилүүчү сызыктар м-н аныкталат. Экинчи чекит мурдагы биринчи чекит боюнча так­талат. Шарттуу белгилер, масштаб берилет.