КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК (саясий) – бир өлкөнүн экинчи өлкөгө, социалдык институттарга баш ийбестиги, өз алдынчалыгы, эгемендүүлүгү. Көз карандысыздык коомдук саясат, бийлик, идеология, укук, маданият, экономика, социалдык жактан эркин болууну камтыйт. Көз карандысыздык абсолюттук эмес, салыштырмалуу түшүнүк, демократиялык (бүткүл элдик добуш берүү) же шайлоо аркылуу конституцияда бекитилет. Көз карандысыздык жөнүндөгү идея адегенде 15-кылымда Батыш Европада пайда болуп, кийин ал мамлекеттик ж-а эл аралык укуктук документтерде кеңири чагылдырылган. Анын эң башкысы 1966-жылы кабыл алынган жарандык ж-а саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык акт болуп саналат. Анда дүйнөдөгү ар бир улуттун эгемендүү укугу көрсөтүлүп, элдин өз эрки м-н социалдык ж-а саясий түзүлүштү тандап алуу укугу бекемделген. КРдин көз карандысыздыкка ээ болуу процесси 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү» декларациясын кабыл алышы м-н Кыргызстан жалпы союздук органдардын контролунан бошоп, бардык бийликти өз колуна алган (к. Кыргыз Республикасы).
Т. Эсенгелдиев.