КОЧКОРОВА
КОЧКОРОВА Сарахон (1928-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Калинин айылы) –

пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Ош облусунун Кара-Суу районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу (1942), 1946-жылдан звено башчы. 1957-жылы анын звеносу пахтанын ар гектарынан 88,6 цден түшүм жыйнап алган. 1951–55-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советини депутаты. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.