КОЧКОРБАЕВ
КОЧКОРБАЕВ Исак (1890, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Октябрь айылы –1965, ошол эле район, Кеңеш айылы) –

колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин мал чарбасынын устаты (1953). 1929–57-жылдарда Ивановка районундагы «Кеңеш» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Анын жетекчилигинде «Кеңеш» колхозу республикадагы алдыңкы ири чарбалардын бирине айланган. 1954–58-жылдарда СССР Жогорку Советинин, 1947–55-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. Ал жетектеген мурдагы «Кеңеш» колхозуна анын ысымы берилген.