КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Касан суусунун сол куймасы – Кочкор-Атанын ортоңку агымында жайгашкан. 1956-жылы табылган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде жиреп чыккан гранит ж-а гранит-диорит тектери түзөт. Аларды түндүк-чыгышка созулган тектоникалык жарака кесип өтөт. Бул аймакта тоо тектер талкаланып, серициттешип, хлориттешип, өзгөрүүгө учураган. Кенташ тулкулары тектоникалык жараканы бойлой майда тарамча, уя, линза түрүндө жайгашкан. Калыңдыгы 1–2 смден 0,5 мге чейин жетип, курамы галенит-сфалериттүү, пирит-арсенопириттүү, гематит-магнититтүү.