КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиетке ээ суу булагы. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Кочкор-Ата шаарынан 8 км түндүк-батыш тарапта, Түндүк Фергана өрөөнүндө, Кочкор-Ата сайында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийикте жайгашкан. 1954-жылы табылып, 1961–62-жылдарда химиялык курамы изилденген. Суу палеоген мезгилиндеги чөкмө тектерде топтолгон. Бургулоо көзөнөктөрүнөн чыккан суунун көлөмү суткасына 13,7–1728,0 м3, температурасы 25–49°С, жалпы минералданышы 69,2 г/л, курамы хлориднатрий-кальцийлүү. Сууда кремний кислотасы 37,7 мг/л. Органикалык заттар көп. Суудан бөлүнгөн газда метан, көмүр кычкыл газы, суутек, көмүр кислотасы, азот бар. Ашказан, муун ооруларына дары.