КОХАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 9 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОХА́НОВ Гений Алексеевич (10. 10. 1928-жылы туулган, РСФСР, Новосибирь облусу, Татар району, Констан­тиновка кыштагы) – жумушчу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1956-жылдан Фрун­зе оор электр машина куруу заводунда токарь болуп эм­гектенген. План тапшырма­сын 8-беш жылдыкта 140%, 9-беш жылдыкта 147% ат­карган. 1973-жылы Москвада өткөн Тынчтыкты сүйүүчү күчтөрдүн конгрессинин ка­тышуучусу. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.