КОФЕ ДАРАГЫ
КО́ФЕ ДАРАГЫ (Coffea) – мареналар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дайыма жашыл же жалбырагы күбүлмө дарак ж-а бадал. Жалбырагы күңүрт жашыл, тушташ чыгып, жыттуу ак гүлү жалбырак колтугунда жайгашат. Мөмөсү кызыл же каралжын

кызгылт, ширелүү, мөмө коргону ж-а 2ден уругу (кофе буурчагы же даны деп аталат) болот. Африка м-н Азиянын тропик алкагында 40ка жакын түрү кездешет. Айрым түрлөрүнүн уругунда 0,6–2,7% кофеин болуп, ал тонусту көтөрүүчү суусундук – кофе даярдоо үчүн керектелет. Ысык өлкөлөрдө кофе дарагынын 4–5 түрү, көбүнчө арабия кофе дарагы (С. arabica L.) өстүрүлөт. Анын мекени – Эфиопия; 14–15-кылымдарда башка континенттерге таралып, 18-кылымдан Бразилияда өстүрүлөт. Кофе дарагы көбүнчө башка өсүмдүк (кокос пальмасы, банан, цитрус өсүмдүктөрү ж. б.) м-н өстүрүлөт. Жыл бою гүлдөп, мөмөсү быша берет. Ар дарактан жылына орточо 1 кгдан урук (гектарынан 20 цге чейин) жыйналат. Өтө ысык өлкөлөрдө Конго дарыясынын боюнан таралган Конго кофе дарагы же канефора (С. ca- nephora) өстүрүлүп, андан негизинен эриме кофе даярдалат.