КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:57, 9 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТОРУШТУРУП ЭГҮҮ – айыл чарба өсүмдүктөрүн илимий негизде мезгил-мезгили м-н алмаштырып себүү. Которуштуруп эгүү жерди иштетүү, жер семирткичтерди пай­далануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. м-н күрөшүүгө байланыштуу болот. Которуштуруп эгүү топу­рактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа которуштуруп эгүү, тоют өсүмдүктөрүн которуштуруп эгүү ж-а атайын Которуштуруп эгүү. Т а­ л а а которуштуруп эгүүдө аянттын көп бөлүгүн дан эгинде­ри, картөшкө, техникалык өсүмдүктөр (күн карама, зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Т о ю т ө с ү м­ д ү к т ө р ү н которуштуруп эгүүдө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. А т а й ы н которуштуруп эгүүдө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт м-н агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жа­шылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. Которуштуруп эгүү сис­темасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрономиялык ж-а экономикалык жактан талданат. Ошонун натыйжа­сында жергиликтүү аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. Которуштуруп эгүүнү иш жүзүнө ийги­ликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиора­циялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротехникалык иш чараларды аткаруу зарыл. Которуштуруп эгүү системасы айыл чарба илими м-н алдынкы тажрыйбанын жетишкен­диктеринин негизинде улам жакшыртылып ту­рат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мисалы, жаз­гы дан эгиндерин кайталап эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер м-н алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. Которуштуруп эгүүдө химиялык дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. Которуштуруп эгүү туура жүргүзүл­бөсө, зыянкеч м-н илдет козгогучтар да көбөйөт. Мисалы, күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, кар­төшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошон­дуктан которуштуруп эгүү илимий жактан негизделген система боюнча жүргүзүлөт.


Ад.: Воробьев С. А. Основы полевых севооборотов, М., 1972.