КОТВИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 8 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́ТВИЧ Владислав Людвигович (20. 3. 1872, Вилен губерниясы, Оссово кыштагы – 3. 10. 1944, Вильжос) – тилчи, орус ж-а поляк чыгыш таа­нуучусу, СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1923), Польша ИАнын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург университетинин Чыгыш тилдер факультетин бүтүр­гөн (1895). Ошол эле университетте моңгол, калмак ж-а манжур тилдери боюнча окутуучу, бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигин­де кызмат өтөгөн (1903-23). 1920-жылы А. С. Ену­кидзе атындагы чыгыш тилдери институттун уюштуруучу­су, биринчи ректору (1920–22), 1923-жылы Польша­дагы, ошондой эле Львов университетинин Ыраакы Чыгыш филологиясы кафедрасынын профессору болгон 1923-жыл. Ал кал­мак тилинин диалектилерин ж-а говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыш­тырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы ма­селелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилде­ри боюнча изилдөөлөр» деген китеби 1936-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада ба­сылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өз ара жакындык, типологиялык окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пай­да болгон деген пикирди айткан.