КОСМОДРОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 28 Апрель (Чын куран) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОДРО́М (космос ж-а гр. dr–mos – чуркоо, жүгүрүү орду) –космос аппараттарын курашты­руу, учууга даярдоо, учурууга арналган курул­малар м-н жабдуулар ж-а техникалык каражаттар ор-

Плесецк космодрому, Россия.

нотулган аймак. Космодромдун көмөкчү ж-а тейлөөчү жайлары м-н кызматына ракетанын кыймыл траекториясын аныктоочу өлчөө пункту, отун­кана, суу, энергия м-н камсыз кылуу тармагы, турак жай шаарчасы, байланыш ж-а телекөр­сөтүү түйүндөрү, оңдоочу база, аэродром, унаа коммуникациясы кирет. Кээ бир космодромдо ракета ­алып жүргүчтүн иштетилген баскычтарын тү­шүрүү үчүн атайын жер участкалары бар. Т е х н и к а л ы к


п о з и ц и я – ракета-алып жүргүч м-н космос объектилерин кабыл алуу, сактоо, кураштыруу, сыноо, керек отунду куюу ж-а бири-бирине аш­таштырып бириктирүү үчүн колдонулма ата­йын техикалык жабдуулар м-н жабдылган комплекс.
С т а р т т ы к к о м п л е к с – ракета учурула турган системага орнотулат, күйүүчү отун кую­луп учурулат. Бул иштердин бардыгын орунда­туу үчүн старттык комплексте атайын техникалык жаб­дуулар орнотулат. Космсодрпом калк жашаган аймактан алыс ж-а экваторго жакын жерге курулат. Се­бебииштелгенбаскычтынкалдыктарыэлгекор­кунучсуз аймакка түшөт ж-а ракета спутникти геостационардык орбитага жеңил алып чыгат. Космос кемесин ж-а космоско учуруучу аппарат­тар Капустин Яр, Плесецк (Россия), Байкоңур (Казакстан), Канаверал тумшугундагы Чыгыш сыноо полигону, Уоллопстогу Батыш сыноо полигону (АКШ), Куру (Франция), Сан-Марко (Италия), Утиноура, Танегасима (Япония), Чан­генцзе (КЭР), Шрикарико (Индия) ж. б. К-дор­дон учурулат. Алгачкы Жердин жасалма жан­доочусу ж-а биринчи адам космоско СССРде (азыркы Казакстан) Байкоңур К-унан учурулган.


Ад.: Уманский С. П. Ракеты носители. Космодромы.
М., 2001.