КОРЕЙ СОГУШУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ СОГУШУ – 1950–53-жылдарда Түштүк ж-а Түндүк Кореянын ортосундагы согуш. Түндүк Корея Кы­тай ж-а СССР м-н Түндүк коалицияны, Түштүк Ко­рея АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер м-н Түштүк коалицияны түзгөн. 1910–45-жылдарда Ко­рея Япониянын колониясы болгон. 1945-жылы ав­густта СССР Корей жарым аралынын түндүк аймактарына, АКШ түштүк аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-жылы декабрда АКШ м-н СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу боюнча келишим түзүлгөн. Түштүк Кореяда Ли Сын Ман баш бол­гон антикоммунисттик өкмөт, Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген коммунисттик өкмөт түзүл­гөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрү­нүш катары эсептелип, АКШ м-н СССРдин орто­сунда башталган кансыз согуш Корей жарым аралында­гы абалды өзгөрттү. 1950-жылы 25-июнда Түндүк Ко­реянын аскерлери СССРдин колдоосу м-н Түштүк Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР м-н Кытайдын колдоосу аркылуу Түндүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түштүк Кореяга кара­ганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түштүк Кореяга АКШ ж-а ООНго кир­ген айрым мамлекеттер жардам бере баштаган­дыктан, Түштүк Корея күч ала баштаган. 1950-жылы 20-октябрда түштүк кореялык күчтөр Корей Эл­дик Демократиялык Республикасынын (КНДР) борбору – Сеул шаарын алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн ки­йин, Түндүк Корея союздаштарынан ажырап, со­гуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден өтүп, чийимдин тегереги демилитаризациялан­ган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек ара­ны түндүк жагынан КНДР аскерлери ж-а түштүк ай­мактарын түштүк кореялык ж-а америкалык аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес ж-а Түштүк Корея­да АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат.