КОРЕЙ КЫСЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ КЫСЫГЫ Корей жарым аралы м-н Япон аралынын (Ики, Кюсю ж-а Хонсю аралдарынын түштүк-батыш чети) аралыгында жайгашкан. Япон деңизин Чыгыш Кытай деңиз м-н туташтырат. Узундугу 324 км, жа­зылыгы 180 км, эң тайыз жери фарватерде 73 м. Цусима аралы экиге – Чыгыш ж-а Батыш өткөөлдө­рүнө бөлөт. 1904–05-жылдардагы орус-япон согушу мезгилинде Корей кысыгында 1904-жылы 1(14)-августта япон ж-а орус крейсер эскадраларынын ортосунда кармашуу болгон.