КОРДОВА (Испаниядагы шаар)
КО́РДОВА – Испаниядагы шаар. Кордова провинциясынын административдик борбору. Сьерра-Морена тоосунун этегинде, Гвадалквивир дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 327,8 миң (2009). Шаар аркылуу жогорку ылдамдыктагы Мадрид – Кордова – Малага темир жол магистралы өтөт. Аэропорту бар. Түстүү металлургия, машина куруу, тамак-аш – татымал, текстиль өнөр жай ишканала-

ры иштейт. Университет, музейлер бар. 756–929-жылдарда Кордова эмирлигинин, 929–1031-жылдарда Кордова халифатынын борбору болгон. Собор [13-кылымга чейин мечит (785-жылы курула баштаган); дүйнөдөгү эң ири], роман стилиндеги Сан-Пабло (13-кылым), Сан- Николас (13-кылым) чиркөөлөрү, Кармен Кальсадо чиркөө монастыры (16-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Королдор илимдер Академиясы, институт, университет бар. Жыл сайын музыка фестивалы өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак уюштурулган.