КОРГОО ФОНДУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОО ФОНДУСУУлуу Ата Мекендик со­гуш (1941–45) мезгилинде фронттун муктаж­дыгы үчүн мурдагы СССР эмгекчилеринин ык­тыярдуу топтогон акчалай ж-а материалдык ка­ражаты. Коргоо фондусуна демилге көтөргөндөрдүн бири, колхозчу Ф. П. Головатый (Саратов облусу) со­гуш самолётун курууга 100 миң сом берген (1942). 1941–45-жылдарда коргоо фондусунун жалпы каражаты 16,0 млрд сомго жеткен (Кызыл Армия фондусу м-н). Мындан тышкары ага мамлекеттик заёмдун 4,5 млрд сомдук облигациясы ж-а чет өлкөлүк кошумча­дан 15,8 млн сом акча түшкөн. Кыргызстандын эли согуш жылдарында коргоо фондусуна танк, самолёт ку­руу үчүн 189 млн сомдон ашык акча жөнөтүп, 57,3 млн сомдук мамлекеттик заёмдун облигацияла­рын сатып алышкан. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн. Кыргызстандын колхоздору м-н совхоздору коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. З. Өмүрзакова (130 миң), Э. Кулмамбетова (106 миң), Ү. Жаңыбаев (50 миң), О. Кулматов (50 миң), К. Ботугуров (48 миң), О. Жаңыбаев (40 миң) ж. б. ондогон кыргызстандыктар согуш техникасын курууга ак­чалай ж-а материалдык салымдарын кошкон. Кыргызстандын эмгекчилеринин каражатынан ку­ралган «Советтик Кыргызстан» танк колонна­сы Сталинград салгылашуусуна катышкан.